Февралдан баштап жарандарга жаңы үлгүдөгү паспорттор бериле баштайт | Эркиндик Медиа

Февралдан баштап жарандарга жаңы үлгүдөгү паспорттор бериле баштайт

Жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттордун алгачкы 100 миң нускасы февраль айынын аягында даяр болору күтүлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Мекемеден билдиргендей, жаңы паспорттор 30дан ашуун заманбап коопсуздук элементтери менен корголот, анын ичинде мукабасында рельефтик сүрөттөр когнитивдик басма менен колго сезилген элементтери колдонулат.

Паспорттун барактарында өлкө аймактарынын символдору – Ала-Тоо аянтындагы Тарых музейинин, Манас эстелигинин, Айгүл гүлүнүн, Таш-Рабат архитектуралык комплексинин, Ысык-Көлдүн жана башка сүрөттөр камтылган.

Ошондой эле жаңы паспортто “атасынын аты” деген сап жарандын каалоосуна жараша толтурулат:

“Социалдык тармактарда жарандар бул форматка терс мамиле жасашты, анткени бул атанын ысымы колдонулбаган өлкөлөрдө биздин жарандарды идентификациялоону татаалдаштырат. Латын тамгалары менен паспорттун ээсинин атасынын аты ушул бөлүмдө жарандын каалоосу менен гана жазылат деген чечим кабыл алынды”, – деп жазылат билдирүүдө.

Кыргыз паспортунун жаңы үлгүсүн чыгаруу 2020-жылдын май айында германиялык “Mühlbauer ID Services” менен 1 жарым миллион бланк чыгарууга 3 жылдык келишим түзүлгөн. Келишим улуттук валюта сом менен түзүлгөндүктөн, жаңы паспорттун баасы чет өлкөлүк валюталардын өзгөрүүсүнөн көз каранды болбойт.