Финполиция депутат Кубанычбек Жумалиевдин жакындарын кармады | Эркиндик Медиа

Финполиция депутат Кубанычбек Жумалиевдин жакындарын кармады

Финансы полициясы чет өлкөлүк инвестор – Германиянын “Б.Ф.” деген жаранынын арызы боюнча, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы
боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович жана башка адамдар анын ишенимине кирип алып, 200 миң АКШ долларын гана төлөп, 1 миллион АКШ доллар турган жабдууларды алышкан. Бул тууралуу Финполициянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Германиянын “Б.Ф.” деген жараны “А.Ю.К.” ЖЧК менен түзүлгөн контрактка ылайык 1 млн АКШ доллар суммасында минералдык сууну куюучу жабдууларды жөнөткөн, аталган ЖЧКнын директору М.С.М. болуп саналат, ал К.Жумалиевдин жакын тууганы. Андан кийин, К.Жумалиевдин оозеки кайрылуусу боюнча, инвестор тарабынан дагы бир “С.К.” ЖЧКнын дарегине жабдууну жөнөтүлгөн, анын директору дагы депутатка жакындыгы бар адам – Ж.Э.С. болгон.

Бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында чет өлкөлүк “М.Г.БВ” компаниясына – Германиянын жараны “Б.Ф.” 800 миң АКШ
доллары суммасында өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Кечээ, 28-январда Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кылмышка шектүү деп, “А.Ю.К.” ЖЧКнын директору М.С.М. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бүгүн, 29-январда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык “С.К.” ЖЧКнын директору Ж.Э.С. кармалды.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 29-январында, бул иш үчүн маанилүү болгон алынган буюмдар жана документтер жоголуп, бузулуп же жок болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар болгонуна байланыштуу, Жумалиевдердин үй-бүлөсүнө таандык университеттин аймагында жайгашкан бул фирмалардын кеңселеринде кечиктирилгис издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.