ИИМ: 2020-жылдын ичинде окуя болгон жерге 21845 кароо жүргүзүлдү | Эркиндик Медиа

ИИМ: 2020-жылдын ичинде окуя болгон жерге 21845 кароо жүргүзүлдү

Азыркы учурда кылмыштарды иликтөө жана бетин ачуу эксперттик-криминалисттик изилдөөлөрдү пайдаланууну талап кылат.

Кыргыз Республикасынын ИИОнун Эксперттик-криминалисттик бөлүгүнүн кызматкерлери дактилоскопиялык, трасалогиялык, кол жазманы таануу, баллистикалык экспертизаларды жана баңгизат, спирт камтыган каражаттарды химиялык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.
Адистер кылмыштуулук менен күрөшүүгө өз салымдарын кошушууда. Ушул жылдын 12 ай ичинде 21845 окуя болгон жерлерге кароо жүргүзүүгө, 6033 ыкчам-иликтөө иш-чараларына, 2784 тергөө амалдарына катышкан.

Жалпысынан 4504 экспертиза жүргүзүлдү: 2345 дактилоскопиялык, 134 трасологиялык, 341 жаралма куралдарды изилдөө, 704 баллистикалык, 191 техника-криминалисттик, 263 кол жазма таануу, 521 баңгизаттарды, акыл-эске таасир берч заттарды жана перекурсорлорду изилдөө, 5 жарылуучу каражаттарды техникалык изилдөө боюнча экспертизалар жүргүзүлгөн. Андан сырткары, 923 профессионалдык изилдөө жүргүзүлгөн. 212 өздүгү таанылбаган адамдын өлүгү идентификацияланган.

“СОНДА” автоматташтырылган маалымат базасына 11947 дактилокарта менен 2906 колдун издери киргизилген.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалисттик борборунда “ТАИС” автоматташтырылган баллистикалык идентификациялык тутум иштөөдө.

Аталган тутум куралдар жөнүндө маалыматтарды издөө жана сактоо үчүн арналып, экспертизага келип түшкөн гильзаларды жана окторду кыска убакыттын ичинде текшерүүгө мүмкүнчүлүк берет. 2020-жылдын 12 ай ичинде маалымат тутумуна 32 криминалдык гильзалар, 15 эпизод боюнча 5 ок киргизилген. 828 катталган ок атуучу куралдар, 590 жаракаттандыруучу тапанча текшерилген.

ИИМдин Басма сөз кызматы