ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Биринчимай райондук күзөт бөлүмүнүн “Кесиби боюнча мыкты” кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды | Эркиндик Медиа

ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Биринчимай райондук күзөт бөлүмүнүн “Кесиби боюнча мыкты” кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Биринчимай райондук күзөт бөлүмүнүн 2021-жылдын 26-январында 2020-жылдын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоочу ыкчам кеңешмеде “Кесиби боюнча мыкты” деп аныкталган кызматкерлерге сыйлык тартуулоо аземи болуп өттү.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Тажиев Эрк Сарубековичтин жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Момбеков Алмаз Анаркуловичтин катышуусунда болуп өттү.

2020-жылдын 12 ай аралыгында кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо жана бөлүмүнө зор салымын кошкондугу үчүн, ошондой эле аткарган ишинине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, мыкты деген жыйынтыктарды көрсөткөндүгү үчүн, Күзөт кызматынын Бишкек шаардык Биринчимай райондук күзөт бөлүмүнүн мыкты деп аныкталган 12 кызматкер ардак грамотасы жана төш белгилери менен сыйланды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматы начальнигинин орун басары милициянын полковниги Тажиев Эрк Сарубекович “Урматтуу кесиптештер, күзөт кызматынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга кошкон салымыңар үчүн ыразычылыгыбызды билдиребиз. Дагы көптөгөн ийгиликтерди багындыра бергиле”-деп сөзүн жыйынтыктады.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчимай райондук күзөт бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Момбеков Алмаз Анаркулович “Ар бириңиздердин кылган эмгегиңиздердин баалайбыз, алган сыйлыгыңыздар кут болсун!”-деп, өзүнүн каалоо тилегин өздүк курамга айтып сөзүн жыйынтыктады.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери куттуктоо сөздөрүн айтып, бөлүм башчысы милициянын полковниги Момбеков Алмаз Анаркуловичке өздүк курам ыраазычылыгын билдиришти.

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы