ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү жалган маалыматтарды таратпоого чакырат | Эркиндик Медиа

ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү жалган маалыматтарды таратпоого чакырат

2021-жылдын 2-февраль күнү болжол менен 15:28 чамасында Москва облусунун Красногорск шаардык округунун Павшинский бульвар көчөсүндөгү №12 үйдүн жанында белгисиз адамдар 24 жаштагы Р.А.га белгисиз предмет менен кол салган.

24 жаштагы Р.А. Кыргызстандын жараны болот жана учурда ооруканада. Абалы туруктуу.

Бул факты боюнча Россиянын ИИМдин Москва облусунун Красногорск шаардык округу боюнча Тергөө башкармалыгы Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси (Курал катары колдонулган куралдарды жана предметтерди пайдалануу менен жасалган денеге атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Азыркы учурда Россиянын ИИМдин Москва облусунун Красногорск шаардык округу боюнча Тергөө Башкармалыгы аталган кылмыш ишин жасоого шектелген адамды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Айрым жарандар жабырлануучунун сүрөтүн коюп, аны өлтүрүп кетишти деген жалган маалыматтарды таратышууда.
Ушуга байланыштуу, жарандардан социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратпоого жана ызы-чууга алдырбоого чакырат. Жарандардан тергөөнүн жыйынтыгын күтүүнү жана чындыкка дал келбеген маалыматтардан карманууну суранат.

ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү