ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядына автоунаалар жана техникалык жабдуулар тапшырылды | Эркиндик Медиа

ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядына автоунаалар жана техникалык жабдуулар тапшырылды

2021-жылдын 2-февраль күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө жана өнүктүрүү максатында автоунааларды жана техникалык жабдууларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Ички иштер министрлигинин атынан автоунаанын ачкычтарын ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов тапшырды.
Октябрь Урмамбетов, өз сөзүндө атайын операциялар отрядынын өздүк курамына ыраазычылык билдирип, кызматында чон ийгиликтерди каалап, Кыргыз Республикасына Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядына көрсөтүп жаткан мындай колдоо коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана кылмышка шектүүлөрдү кармоодо чоң өбөлгө болуп кызматтык абалынын сапатын жогорулатмакчы жана мындай колдоо мындан ары дагы уланаарын айтып өттү.

 

ИИМдин “Шумкар” АПБнын Басма сөз кызматы