ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнүнө карата өткөн иш-чарада кызмат учурунда курман болгон жолдоштору эскерилди | Эркиндик Медиа

ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун түзүлгөн күнүнө карата өткөн иш-чарада кызмат учурунда курман болгон жолдоштору эскерилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-январындагы №31 токтомунун негизинде, коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөп, өлкөдөгү ар кандай кырдаалдарда кызмат өтөй турган Ички иштер министрлигинин “Шумкар” Атайын багыттагы полку түзүлгөн.
Бүгүн майрамдык иш-чара кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон кызматкерлердин эстелигине гүл коюп, бир мүнөттүк эскерүү менен башталды.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги О.Урмамбетов, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атташенин орун басары Д.Колобнов, Кыргыз Республикасынын Афган согушунун ардагерлер кеңешинин төрөгасынын орун басары М. Токтокунов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрөгасы, милициянын отставкадагы полковниги С.Жоошбаев жана полктун ардагерлери катышты.

Салтанаттуу иш-чарага келген коноктор сөз сүйлөшүп, өздүк курамды салтанаттуу күнү менен кызуу куттукташып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин жана Афган согушунун ардагерлер кеңешинин буйругу окулуп, бир катар кызматкерлер медаль, грамоталар менен сыйланышты.

Ошондой эле, салтанаттуу иш-чаранын соңунда атайын багыттагы полкунун командиринин биринчи орун басары- штаб башчысы милициянын полковниги Алиев Мехман Загид оглы ардактуу эс алууга узатылды.

“35 жыл аралыгында жөнөкөй милиционер кызматынан командирдин биринчи орун басары-штаб башчысы кызматтарына чейин иштеп коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун жана кылмыштуулука каршы күрөшүдө өз салымыңызды кошуп, көптөгөн жылдар бою Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында жооптуу кызматтарда иштеп, жогорку кесипкөйлүүлүгүңүздү жана чечкиндүүлүгүңүздү көрсөтүү менен катар, мыкты адистик чеберчилигиңиздин натыйжасында татыктуу шакирттерди тарбиялай алдыңыз, ошондой эле өздүк курамдын арасында бийик-кадыр баркка жана сыйга ээ болдуңуз. Сиздин мол тажрыйбаңыз жаш кызматкерлерди тарбиялоого, атайын багыттагы полкунун ишмердүүлүгүн жакшыртууга кошкон салымыңыз үчүн ыразычылыгыбызды билдиребиз”, – деп өз каалоосун билдирген полктун командири милициянын полковниги А. Султаналиев, өздүк курамдын атынан ардагерибизге салтка айланган чапан жана калпак кийгизип, белектерин тапшырды.

Полкту түзүүнүн негизги максаты жана милдети: кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө, өлкө аймагында өтө турган ар кандай иш-чараларда, салтанаттуу майрамдарда, саясий кырдаалдарда жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо өӊдүү олуттуу милдеттер жүктөлгөн.

Полктун кызматкерлери массалык башаламандыктарда жана мамлекеттик кайтаруудагы объектерди кайтаруудагы иш-чараларда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын негизинде милдеттерин үзгүлтүксүз аткарууда.

Түзүлгөндүгүнө аз убакыт болсо да, өлкө аймагында өткөрүлүп жаткан ар кандай иш-чараларга, атайын операцияларга катышып кылмышкерлерди кармоодо жана массалык башаламандыктарга бөгөт коюда өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин так жоопкерчиликтүү аткарып келет.

Полктун кызматкерлери 7 жыл аралыгында Дүйнөлүк жана Мамлекеттик дээңгелде өткөрүлүп жаткан орчундуу иш-чараларда үзгүлтүктүз иш алып барууда. Андан тышкары атайын багыттагы полктун кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруу менен гана чектелбестен өлкөбүздүн коомдук-маданий жана спорттук жашоосунда да активтүү катышып, кыргыз мамлекетинин желегин башка өлкөлөрдө бийик көтөргөн спортчуларыбыз дагы арбын.

Бүгүнкү күндө полктун кызматкерлери эң бай кесиптик тажрыйбага ээ. Себиби кызматкерлер өзгөчө коркунучтагы куралданган кылмышкерлерди кармоо боюнча жүздөгөн операцияларды ишке ашырып, алдына койгон тапшырманы ар кандай шарттарда жөндөмдүү аткарып, өлкө аймагында өткөрүлүп жаткан машыгууларга катышуу менен чектелбестен чет өлкөлүк кесиптештер менен биргеликте ар тараптуу машыгууларга да жигердүү катышып эл аралык деӊгээлдеги даярдыктардан өтүү менен өздөрүнүн кесиптик чеберчиликтерин арттырып, кылмыштуулук менен күрөшүү жаатында бай тажрыйбага ээ болууда.

Полктун кызматкерлери Кыргыз милициясынын өсүп өнүгүшүнө коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоодо кошкон салымдары жана алдына коюлган тапшырмаларды так жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн Мамлекет жана министрилик тарабынан бааланып ар кандай сыйлыктар менен сыйланышкан, ошондой эле атайын багыттагы полктун кызматкерлери тарабынан далай эрдиктер жасалып, өмүрү бычак мизинде болгон мүнөттөрдү баштан кечирип келе жаткан кесиптештерибиздин арасында, тилекке каршы жоготуулар болбой койгон жок.

Эгемендүү Кыргыз элине ак ниет кызмат кылууда, өз өмүрлөрүн аябай Баатырларча курман болгон кесиптештерибиздин аттары алтын тамгалар менен Ички иштер министрлигинин Данк Мемориалында жана полктун саптык майданындагы эстеликте түбөлүккө жазылып турат. Арабыздан өтүп кеткен кесиптештерибизге таазим, алардын жасаган эрдиктери ар бир кызматкердин жүрөгүндө түбөлүкө сакталып, кызматтык милдеттерин аткарууда дем күч берип шердендирет.

ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы