Индиянын Премьер-министри Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады | Эркиндик Медиа

Индиянын Премьер-министри Садыр Жапаровду президент болуп шайланышы менен куттуктады

дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилиги кабарлайт.«Улуу Мартабалуу,

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына дайындалышыңыз менен эң жылуу куттуктоолорумду жана мыкты
каалоолорумду жеткирүү мага чоң кубаныч тартуулайт. Индия-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк жалпы демократиялык баалуулуктарга, ошондой эле тарыхый жана маданий байланыштарга негизделген. Эки тараптуу мамилелерибизди мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү үчүн Сиз менен иштешүүгө үмүттөнөм.

Учурдан пайдаланып, Сизге, Улуу Мартабалуу, жеке ден-соолук жана достук мамиледеги Кыргыз Республикасынын элине бакубатчылык
каалайм.

Улуу Мартабалуу, өзүмдүн урматымды дагы бир ирет ырастоомду кабыл алыңыз”.