Ирина Карамушкина орус тилин мамлекеттик тил кылууну сунуштады | Эркиндик Медиа

Ирина Карамушкина орус тилин мамлекеттик тил кылууну сунуштады

Бүгүнкү комитетте «мамлекеттик тил» боюнча каралган маселе учурунда депутат Ирина Карамушкина орус тилин мамлекеттик тил кылууну сунуштады.
Депутат Каныбек Иманалиевдин диссертациялар кыргыз тилинде корголушу керектигин айтты эле Карамушкина буга каршы чыкты:
«Биз светтик өлкө деп жарыяланганбыз. Эгерде Кыргызстанда эки тил, орус жана кыргыз тилдери мамлекеттик болсо, анда эмне болот? Көпчүлүк үчүн жумушка орношууда кыргыргтилин билбегендик чектөө болуп калды. Мага жумуш табууга жардам сурап бир нече адам кайрылышты, бирок мамлекеттик тилди билбегендиктен баш тартышты. Бүгүнкү күндө, мисалы, өкмөттөн мамлекеттик тилде гана билдирүү келди. Орус тилдүү жарандарга мамлекеттик тилде жооп берилет. Өкмөт мындайын токтотуусун талап кылам»-деди Эл өкүлү.