Күндүн сүрөтү: Элди таң калдырган Тоңдогу такта | Эркиндик Медиа

Күндүн сүрөтү: Элди таң калдырган Тоңдогу такта

Тоң районунда айылдын аталышы жазылган такта тескери тагылып, ал социалдык тармактарда талкуу жаратты.

Айыл тургундарынын айтымында, аталган такта Тоң районунун Ак-Өлөң айылына жетпей тагылган.

«Тактада Оттук деп жазылып, тескери илиниптир. Тескери илинсе дагы туура жерге тагылса болмок. Ал жерде Оттук айылы жайгашкан эмес. Бизди ушул таң калдырып жатат», – деди алар.

№10 жол тейлөө кызматы бул такта эртең оңдоолорун билдирди.

«Муну бирөө атайылап жасаган», – деп кошумчалады аталган түзүмдөн.

Булак: Турмуш