Кадамжайлык Эрматов Нусратулла дайынсыз жоголду
Кадамжай районунун тургун дайынсыз жоголду.
2019-жылдын 31-декабрь күнү саат 02.30дар чамасында Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Исфайрам айылындагы өзү жашаган үйүнөн 19.09.1962-жылы туулган Эрматов Нусратулла Рахматуллаевич дайынсыз жакка чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, чачы кара түстө, кашы-көзү кара, дене түзүлүшү арык чырай. Акыл-эси соо.
Эгерде кимде ким сүрөттөгү кишинин жүргөн жерин билип калса, төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот. Байланыш телефондор: 03655 5-02-29, 03655 102, 0505 25-00-09.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы