Кайгуул кызматкерлери адашып кеткен апанын үйүн таап, жеткиришти | Эркиндик Медиа

Кайгуул кызматкерлери адашып кеткен апанын үйүн таап, жеткиришти

Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен 70 жаштардагы апанын үйүн таап, жеткиришти.

2021-жылдын 22-январында болжол менен саат 12:00 чамасында Бишкек шаарынын Каракеев көчөсүндө улгайган апа адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда болжол менен жашы 70 жаштагы Н.В аттуу улгайган апа бир күн мурун үйүнөн чыккан бойдон адашып, үйүн таппай жүргөндүгүн кабарлаган.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан жашаган дарегин таап, жакын адамдарына сак-саламат өткөрүшүп беришкен.

Өз убагында милициянын кайгуул кызматынын бул ыкчам аракетине жакын адамдары рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.