Кайрат Примбердиев: “Жаңы чыгармамды мамлекеттик каналдарга чыгарууга аракет кылам” | Эркиндик Медиа

Кайрат Примбердиев: “Жаңы чыгармамды мамлекеттик каналдарга чыгарууга аракет кылам”

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев жаңы ыр жаздырып, клип тарттыруунун үстүндө иштеп жатат. Ырчы чыгарма даяр болсо мамлекеттик делинген каналдардан, радиолордон уктуруп, көрсөтүүгө аракет кыларын жазып чыкты.

Буга чейин, маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ырчынын ырларын уктурууга тыюу салабыз деп, кийинчерээк, “Марал” радиосу уктурбай турганын билдирген.

Көп өтпөй Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу программасына конок катары катышкан Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча сунушту президенттик аппаратка расмий жөнөткөн. Президенттик аппаратка караштуу сыйлыктар боюнча мамлекеттик комиссиясы министрликтин сунушун канааттандырган эмес.