Камчыбек Ташиев: 3 күндө 2 млрд сомдон ашык уурдалган акча өндүрдүк, тизмемдеги эл жегичтерди кустурабыз | Эркиндик Медиа

Камчыбек Ташиев: 3 күндө 2 млрд сомдон ашык уурдалган акча өндүрдүк, тизмемдеги эл жегичтерди кустурабыз

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы 3 күндө 2 миллиард сомдон ашык акча каражатын өндүрдү. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
“Официалдуу жумушка чыкканыма бүгүн 3-күн. 3 күндө 2 млрд сомдон ашык уурдалган акча өндүрдүк, тергөө аныктаса дагы төгөт. Мамлекетке зыян келтирген коррупционерлерден элдин акчасын кайтара баштадык.
Бул башталышы гана, буюрса көптөгөн эл жегичтер менин тизмемде турат, баарын кустурабыз.
Ушул коррупционерлерди кустуруу операцияларында бир да укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир сом дагын «взятка» алышпайт, баарын мамлекетке төктүрөбүз, бул маселелер жеке менин көзөмөлүдмө, эч кыжалат болбоңуздар! Аларды камап кармап олтурбастан уурдаган акчасын төлөтүп, кийинки кылмыштарына бөгөт коебуз.
Кыргыз мамлекетинде коррупционер – элдин акысын жеген жана бандит -элди куураткан бир адам да болбош керек!“,- деп жазган Ташиев.