“Карышкыр” каймана аты менен таанымал Умырзаков кылмыш ишинде күбө катары өтүүдө | Эркиндик Медиа

“Карышкыр” каймана аты менен таанымал Умырзаков кылмыш ишинде күбө катары өтүүдө

“Карышкыр” каймана аты менен таанымал Мурсалым Умырзаков кылмыш ишинде күбө катары өтүүдө. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Умырзаков жазасын өтөп жатканда ага карата арыз түшкөн.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (“Алдамчылык”) менен катталган.

“Азырынча ал кылмыш ишинде күбө катары өтүүдө. Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

Эскертек кетсек, ИИМдин Криминалдык милиция кызматы Бишкектен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Мурсалым Умырзаковду (Карышкыр) кармаган.