Катардагы мекендештер шайлоого кайдыгер эмес. Кайсы партия алдыда? | Эркиндик Медиа

Катардагы мекендештер шайлоого кайдыгер эмес. Кайсы партия алдыда?

Кыргызстандын Катар мамлекетинин Доха шаарындагы элчилигинде аталган өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештер шайлоого катышышты. Жалпы 229 адам каттоодон өткөн анын ичинен 71 шайлоочу өз добушун беришкен.

Шайлоого катышып, өз жарандык милдеттерин аткаргандардын эң жашы 18 жаштагы жигит. Ал атайын добуш берүү үчүн элчиликке шаардын башка тарабынан келген.

Мекендештер шайлоонун таза жыйынтыкталып, парламентке иштин көзүн билген жана эли-жери үчүн ак эмгек кылам деген депутаттар келээрине үмүт артышууда.