Киши аялына бензин чачып өрттөп жиберди | Эркиндик Медиа

Киши аялына бензин чачып өрттөп жиберди

Москванын жанындагы Балашиха аймагында  эркек киши чыр-чатак учурунда аялына бензин куюп, өрттөп жиберген. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Москва облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен ТАСС агенттиги билдирди.

“Жубайлардын ортосундагы үй-бүлөлүк чыр-чатактын натыйжасында 1977-жылы туулган эркек киши аялын тез күйүүчү суюктук менен куюп, денесине залал келтирип, андан кийин өрттөп жиберген”, – деп айтылат билдирүүдө.

Билдирүүгө ылайык, жаракат алган аял ооруканага жаткырылды. Эркек дагы күйүк алган, аны ооруканага жаткыруу маселеси чечилип жатат.