Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев кызматынан кетүү боюнча арызын жазды | Эркиндик Медиа

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев кызматынан кетүү боюнча арызын жазды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев кызматынан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

Социалдык тармактарда Балбак Түлөбаевдин кызматтан кетишине нааразы болгон, кетпешин суранган билдирүүлөр байма-бай жарыяланууда.

4-октябрда парламенттик шайлоо өткөн. Анын алдын ала жыйынтыгында 4 партия — «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» партиялары 7 пайыздык босогодон өттү. Калган 12 партия аз добуш алышты. Алар бул шайлоо өтө ыплас жана мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыгышты.

Шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялар 5-октябрда Бишкектин борбордук аянтында нааразылык акциясын башташкан. Ал түнү менен уланып, 6-октябрда таңда чогулгандар Ак үйдү басып алышты.

Мындай жагдайдан улам өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялардын лидерлери менен жолугушуу өткөрүүдө. Учурда өлкөдө абал кооптуу болуп турат.

Ал ортодо Ош шаарында азыркы президенттин тарапташтары митингге чыгышты.