ӨКМдин кызматкери Венера Мырсакматова мезгилсиз дүйнө салды | Эркиндик Медиа

ӨКМдин кызматкери Венера Мырсакматова мезгилсиз дүйнө салды

Мырсакматова Венера Эркиновна 1971-жылдын 28-апрелинде Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылында жарык дүйнөгө келген.
Билими: орто, 1986-жылы Кара-Балта медициналык окуу жайын бүтүргөн, кесиби: медайым.
Эмгек жолун 1989-жылдын август айында Москва райондук ооруканасында өспүрүмдөрдү кароо бөлмөсүнүн медайымы кызматынан баштаган. 1996-2009-жылдарга чейинки аралыкта бир катар бейтапканаларда медайым кызматтарын аркалап келген.
2009-жылдын январь айында Кыргыз Республикалык Өзгөчө кырдаалдар министрлигине анык аскердик кызматка аныкталып,
2017-жылдын июль айына чейин КР ӨКМнин куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда кызмат өтөгөн.
2017-жылдын ноябрь айынан 2018-жылдын июль айына чейин КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын техника бөлүгүнүн архивариусу.
2018-жылдын август айынан тартып КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Москва району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №15-өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн радиотелефонисти кызматын аркалап келген.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Э.Ажикеев жана ӨКМдин жалпы жамаатынын маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.