КМШнын байкоочулар тобу Кыргызстандагы шайлоо ачык жана атаандаштык менен өткөндүгүн билдиришти | Эркиндик Медиа

КМШнын байкоочулар тобу Кыргызстандагы шайлоо ачык жана атаандаштык менен өткөндүгүн билдиришти

КМШнын байкоочулары миссиясы 5-октябрдагы маалымат жыйынында Кыргызстандагы парламенттик шайлоо ачык жана атаандаштык менен өткөндүгүн билдиришти.

Алардын байкоосунда Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Шайлоо Конституцияга, мыйзамдарга ылайык, атаандаштык менен өттү.

КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Виктор Гуминскийдин айтымында, чет өлкөлөрдө шайлоо тилкелери көп ачылды. Пандемия шартында өткөн шайлоого катышууга кызыгуу жогору болду.

Эл аралык байкоочулар шайлоо автоматтык саноо системасы аркылуу өткөндүктөн, аны таза өттү деп эсептесе болорун айтышты.

Байкоочулар шайлоону уюштуруу жана өткөрүү процессине 14-сентябрдан баштап көз салышты. Миссиянын толук билдирүүсү БШК шайлоо жыйынтыгын расмий билдиргенден кийин жарыяланат.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Ага 16 саясий партия ат салышты. Алдын ала жыйынтык боюнча 7 пайыздык босого менен 4 партия алдыда келе жатат.

«Биримдик» — 24,53 пайыз;

«Мекеним Кыргызстан» — 23,90%;

«Кыргызстан» — 8,74%;

«Бүтүн Кыргызстан» 7,09%.