Коронавирус: Түркмөнстандагы чектөөлөр мартка чейин уланат | Эркиндик Медиа

Коронавирус: Түркмөнстандагы чектөөлөр мартка чейин уланат

Түркмөнстандын аймагында COVID-19 вирусуна байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн мөөнөтү узарат. 31-январга чейинки чектөөлөр 1-мартка чейин улана турган болду.

Муну менен соода түйүндөрү, коомдук тамактануучу жайлар, сервистик кызматтар жана маданий тармактардын иш убактысы чектелет. Ошондой эле бул чара спорттук иш-чаралар менен мечиттерге да тиешелүү. Чачтарачтар менен кийим тигүүчү жайлар иштей берет. Бирок санитардык талаптарды толук сакташы керек.

Ошондой эле 1-мартка чейин темир жол аркылуу жүк ташуу жана шаарлар аралык автобус каттамдары болбойт. Эл аралык авиакаттам дагы мурункудай эле токтоп турат.

Учурда Түркмөнстанда коронавирус жуктурган адамдар катталганы тууралуу расмий маалымат жок. Тактап айтканда, өлкөдө коронавирус жок деп эсептелет.