Криминалдык милиция кызматынын жана анын бөлүктөрүнүн ыкчам кызматкерлери Кочкордогу адам өлтүрүү фактысына шектүү жаранды кармашты | Эркиндик Медиа

Криминалдык милиция кызматынын жана анын бөлүктөрүнүн ыкчам кызматкерлери Кочкордогу адам өлтүрүү фактысына шектүү жаранды кармашты

Кочкор районунун Тендик айылына караштуу Тынай-Булак участкасынан 2021-жылдын 23-январь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Ак-Кыя айылына жакын жайгашкан Тынай-Булак кыштоосундагы сарайдагы үйдөн белгисиз себептер менен каза болгон адамдын жансыз денеси табылган.

Аталган билдирүү боюнча Кочкор РИИБнүн ыкчам тергөө-тобу окуя болгон Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Теңдик айылынын Тынай-Булак участкасындагы Өмүров Кылычка тиешелүү сарайга барган учурда, сарайдагы үч бөлмөлүү үйдүн күн батыш тарабындагы болжол менен 20-25 жаштагы азиат улутундагы аял кишинин күч колдонуп өлтүрүлгөн, бети, башынын маңдайкы жана денесинин көкүрөгүндө, буттарында күч колдонулган көк-ала тактар бар адамдын жансыз денеси табылган.
Бул жансыз дененин өздүгүн тактоодо ал Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 1998-жылы туулган К.К. экендиги такталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар шектүүнүн өздүгүн тактоо жана кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери киришкен.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын жана Нарын ОИИБнын, Араван РИИБнүн, Ноокат РИИБнүн КМК кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүргүзүштү. Кылмышка шектүү жаран Чүй областынан, Бишкек шаарынан, Жалал-Абад, Ош жана Баткен областарындагы шектүү деген жайлардан издөөгө алынды.

Ыкчам ишмердүүлүктү жүргүзүүнүнүн натыйжасында Ош облусунун Ноокат районунан жогорудагы кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну 1995-жылы туулган М.И. кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы