КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналынын эмгек жамааты: Өзүлөрүн элдин атынан келдик деп тааныштырган 20 чакты адам бир каналдын тагдырын чечүүдө | Эркиндик Медиа

КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналынын эмгек жамааты: Өзүлөрүн элдин атынан келдик деп тааныштырган 20 чакты адам бир каналдын тагдырын чечүүдө

КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналынын эмгек жамааты Координациялык кеңешке, азыркы бийликке келген атуулдарга кайрылат!

Азыр ушул учурда өздөрүн элдин атынан келдик деген адамдардын тобу башаламандык уюштуруп, продюсерди мыйзамсыз кызмат ордунан кетирип, шайлоого аттанган “Бир бол” партиясынын өкүлдөрү тарабынан мамлекеттик стратегиялык объект болгон “Ала-Тоо 24” каналын басып алууга аракет кылууда.

Ошол эле учурда, бүгүн жаңы түзүлгөн Координациялык кеңеш мамлекеттик креслолорду эртеден бери басып алуулар болуп жатканын мыйзамсыз деп атады. Координациялык кеңеш эч кимди, эч жакка басып алууга жибербегендигин айтты. Бирок өзүлөрүн элдин атынан келдик деп тааныштырган 20 чакты адам бир каналдын тагдырын чечүүдө. Кечээки болгон төңкөрүш кресло талаш үчүн болду беле?!

ашаламандыкка ким жооп берет?! Мыйзам кайда калды?! Жүзгө жакын адамы бар “Ала-Тоо 24” каналынын жамааты Координациялык кеңешке кайрылат.