Кудрет Тайчабаров: “Эгер Садыр Нургожоевич менин сөзүмдө укса, тийбей эле койгонуңуздар оң деп айтат элем” | Эркиндик Медиа

Кудрет Тайчабаров: “Эгер Садыр Нургожоевич менин сөзүмдө укса, тийбей эле койгонуңуздар оң деп айтат элем”

Коомдо кайрадан кызмат жетекчилерин алмаштураа боюнча ар турдүү талкуулар жаралып жатат. Алардын бири Фейсбук социалдык тармагында активдүү талкуу жаратып келген Кудурет Тайчабаров. Ал тмнкч билдир жазып чыкты:

“Мага бир нече адам жазды, чалды: «Садыр аваңа айтып кой, Алмаз Бейшеналиев менен Тилек Токтогазиевди ордунан жылдырса, «эшек ылайдан өткөнчө» эле элди соороткону билинип калат» дешти. Чынында бул жаш министрлер ошол ызы-чуу күндөрү көпчүлүктүн сунушу менен коюлган. Аларды Садыр Нургожоевич жакшы деле таанычу эмес. Бирок, булар берилген мөөнөттө өз дараметин көрсөтө алышты. Кыска убакытта көзгө көрүнөөр иш жасаш кыйын. Бирок, жылыш кадимкидей байкалып турат. Алардын ордуна сунушталган адамдар аты-жыты белгисиз инсандар экен. Бир нерсени айтып коеюн, колунан жумуш келчү адамды эч болбосо эл тааныйт. Анан пенсияга жакындап калгандарды коюп кайрадан жаштардын үмүтүнө суу себүү — 79 пайызды 49га түшүрө коет. Алмаз Бейшеналиевди акыркы жолукканда 01 жакшы мактап, эл үчүн иштеп бер деген сыяктуу сөздөрүн айткан экен. Кече Ак үйдөн бирөө чалып, КНУга ректор болбойсуңбу деп атыптыр. Президентке билдирбей бирөөлөр жылдырып атабы же 01 в курсе экенин билбейм. Эгер Садыр Нургожоевич менин сөзүмдө укса, айтат элем, тийбей эле койгонуңуздар оң деп. Тилекке каршы, Ташиевге да, Жапаровго да азыр жазылган каттар жоопсуз калган.

Андыктан, бул пост ар жак, бул жак аркылуу жетишине көзүм жетет. Ошого президенттен ушул 2 министрге мүмкүнчүлүк берүүнү мага жазган элдердин атынан суранып кетем.

Мен кызматта отурам, президентке акыл үйрөтүп, же сунуш берип жаман көрүнүп кызматымдан айрылып калбайын деген адам эмесмин. Жумуштан алып койсо — кайра эле карапайым адамдардай тиричилигибизди өткөрө беребиз. Адамдын ырыскысы өлгөндө гана түгөнөт. Бирок, калыс сөз айта албай элдин арасында жүргөндөн Кудай сактасын. Жапаровдун заманы да өтөт, ошондо Кыргызстанда баш көтөрүп жашагыдай бололу.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, көпчүлүктүн өтүнүчүн эске алып 2 жаш министрди кызматынан жылдырбай эле койсоңуздар… Булар мыкты иштесе — ийгилиги Сизге эле аброй алып келет… Булар начар иштесе, «мына, силер сунуш кылгандар кыйратпай койду» деп жооп бересиз. Бирок, алардын ордуна барчуларды Эл биринчи күнүнөн баштап сындап тураарын эске алып коюңуз…”