Курсан Асанов эки айга камакка алынды | Эркиндик Медиа

Курсан Асанов эки айга камакка алынды

Биринчи Май райондук соту ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Соттун 28-январдагы токтомуна ылайык, Асанов 2021-жылдын 26-мартына чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 тергөө абагында болот.

Эске салсак, Курсан Асанов 26-январда кармалган. Ал 5-6-октябрь окуяларында Ички иштер министрлигин басып алууга айыпталып жатат. Ага Жазык кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүгү (“Имараттарды жана курулмаларды басып алуу”) менен айып тагылган.