Курсан Асанов: Кашкар Жунушалиев качып кетиптир | Эркиндик Медиа

Курсан Асанов: Кашкар Жунушалиев качып кетиптир

ИИМдин мурдагы жетекчиси Кашкар Жунушалиев качып кетти. Бул тууралуу ИИМдин убактылуу жетекчиси, генерал Курсан Асанов журналисттер менен жолугушуу учурунда айтты.

“Кечээ биздин милиция балдар эл арасында жүрүштү. Болгону жарандык кийимчен жүрүштү, көбү жаракат алышты. Азыр мен ооруканага барам. Мурда-кийин ИИМде ким, кандай кызмат кылса ошол ордунда иштей беришет. Эч кимиси алмаштырылбайт.

Менде Кашкарга окшоп “любимчик” болбойт. Ал качып кетиптир, орун басарларыңардан сурасаңар айтып беришет. Ошондой эле мен мурдагы кеткен бийликти тепкилебейм”, – деди генерал.