Кыргызстан калкты эмдөө үчүн 2 миллион долларга муктаж, бирок бюджетте акча жок | Эркиндик Медиа

Кыргызстан калкты эмдөө үчүн 2 миллион долларга муктаж, бирок бюджетте акча жок

Кыргызстанда Pfizer коронавирус вакцинасын сактоочу атайын муздаткычтар жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

«Үч күн мурун бизге Pfizer вакцинасынын 1 200 000 дозасын сунушташкан, бирок аны -70 градуста сактоо керек. Бизде андай муздаткычтар жок – бирөө 4000 доллар турат, ошондой эле атайын шприцтер керек. Жалпысынан кыргызстандыктарды эмдөө үчүн 2 миллион доллардан ашык каражат керек, бюджетте андай акча жок. Программадан дагы бир вакцина сурайбыз, суук чынжырды изилдейбиз. Ошондой эле Россиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, алар бизге алгылыктуу вакцина – Sputnik V же Вектор беришсин деп Владимир Путинге кат жаздык, алар -2ден -18 градуска чейин температурада сакталат, бизде ушундай муздаткычтар бар», – деди чиновник.

Март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 эпидемиясына чалдыккан 83268 учур катталды.