“Кыргызстан социал-демократтар” партиясынын мүчөлөрү нааразычылык акциясына чыгышты | Эркиндик Медиа

“Кыргызстан социал-демократтар” партиясынын мүчөлөрү нааразычылык акциясына чыгышты

“Кыргызстан социал-демократтар” партиясынын мүчөлөрү нааразычылык акциясына чыгышты. Ал Жогорку Кеңештин имаратынын жанында өтүүдө.

24.kg агенттигинин кабарчыларынын айтымында, “Социал-демократтар” парламенттик шайлоонун жыйынтыгын мыйзамсыз деп табууну талап кылышууда.

Темирлан Султанбеков журналисттерге нааразычылык акциясы улантылат деп билдирди.

Саясий уюм кыргызстандыктарды парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырат. КСДП ошондой эле башка партияларды парламенттик жарыштын бурмаланган жыйынтыгына каршы биригүүгө чакырды.