Кызыл-Кыя шаарында милиция кызматкерлери жергиликтүү калкка отчетторун беришти | Эркиндик Медиа

Кызыл-Кыя шаарында милиция кызматкерлери жергиликтүү калкка отчетторун беришти

2020-жыл ичинде Кызыл-Кыя шаарынын калкынын коопсуздугун сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында жергиликтүү милиция кызматкерлери тарабынан бир нече иш-мерчемдер иштелип чыгып, учурунда өткөрүлүп турду. Жолугушууга келген тургундар негизинен жаш өспүрүмдөрдүн коопсузудугу, коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгү боюнча маселелерди көтөрүштү.
Кызыл-Кыя шаарынын Северный участкасында жана Караван айылында коомдук алдын алуу борборлору бар.

Бул 2 коомдук алдын алуу борборлорунун жүргүзгөн иш-аракети коомчулук тарабынан колдоого алынып, мындан ары да ишти жандандыруу багыты боюнча суроо-жооптор болду
Өткөн жыл ичинде жалпы 152 кылмыш иши тергелип, 142 кылмыш ишинин бети ачылды.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы