Лейлек айылынын Андарак айылында эл менен жолугушуулар өтүүдө | Эркиндик Медиа

Лейлек айылынын Андарак айылында эл менен жолугушуулар өтүүдө

Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги Андарак айылынын эли менен жолугуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Бул жолгушууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып айыл арасындагы маселелери көтөрүлдү.

Андарак айылы район борборунан 12км алыстыкта жайгашкан. Бул айыл тоолуу болгондуктан негизинен кылмыштуулуктун мал уурулук түрү көбүрөөк катталат. Мындан сырткары айыл ичинде майда уурулуктар катталып, баарынын тең бети ачылган.

Жолугушууга келген тургундарга милиция кызматкерлери мал уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Андарак айылынын тургундары жолугушууга келгендерге социалдык маселелер менен кайрылып, жер тилкесин ажыратып берип ал жерге милициянын участкалык пунктун салып берүүнү суранышты.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы