Өмүрбек Текебаев бюллетенди сүрөткө тартып, мыйзам буздубу? Өзүнүн жообу | Эркиндик Медиа

Өмүрбек Текебаев бюллетенди сүрөткө тартып, мыйзам буздубу? Өзүнүн жообу

Социалдык тармактарда Өмүрбек Текебаев добуш берген соң бюллетенин телефонуна тартып жаткандагы сүрөт тарады. Көпчүлүк жарандар Текебаев мыйзам буздубу деген суроо узатышууда.

Ал эми Өмүрбек Текебаев өзү 24.kg маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып, бюллетенди тартып алуунун эч кандай ага кажети жок экендигин айтты.

“Мындай болгон эмес, бул жалган. Менин кандай туруп, добуш бергенимди бардыгы көрүштү, мен сиз айтып жаткан сүрөттү өзүм көргөн жокмун. Эмне үчүн сүрөткө тартышым керек? Мен аны кимге көрсөтөм? Мен сүрөт тарткан жокмун”, — дейт саясатчы.

Белгилей ктесек, бюллетенди сүрөткө тартууга мыйзам тарабынан тыюу салынган. Бул административдик жазага тартылып, 100 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салынат (10 миң сом). Мындай учурда шайлоочу добуш берүү укугунан ажыратылат.