Мадумаров шайлоонун жыйынтыгы боюнча үн катты | Эркиндик Медиа

Мадумаров шайлоонун жыйынтыгы боюнча үн катты

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров маалымат берип, бул шайлоодо бийлик арам менен аралашып кеткенин сынга алды. Бийлик шайлоону өтө ыплас, өтө жалган, өз элине кыянаттык кылуу менен өткөргөндүгүн билдирди.

— «Мыйзам бузуулар ар бир кадам сайын болду. Бирок аны көзөмөлдөгөн же бийлик жок, же ошол жердеги жетекчилик жок. Биз «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы саныбызга эмес, сапатыбызга карайбыз. Аз сан менен өтсөк дагы, көздөгөн максатыбыздан кылдай кыйшайбайбыз. Чыркырыап чындыкты айтып келгенбиз, айта беребиз. Кандайдыр бир келишимдер, көз кысып ымалалашуу деген сапаттар жок. Болгон эмес, болбойт дагы«, — деди Мадумаров өз кайрылуусунда.

Ошондой эле ал бийликке кайрылып, өз элине мындай кыянатчылык кылгандын түбү жакшылыкка алып келбей тургандыгын эскертти.

Мындан сырткары, айыл-айыл болуп, дүңүнөн эки күндүк акчага сатылып кеткен элдин келечегине тынчсызданганын айтты.

Сөзүнүн аягында «Жогорку Кеңешке өттүк деп кубанып турган жокпуз» деп, өкүнүч менен жылуу сезимдер аралашып турганын, бирок кайрыгуу менен үмүтсүздүк көбүрөөк экендигин кошумчалады.