“Манас” аэропорту Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамдарынын санын көбөйтөт | Эркиндик Медиа

“Манас” аэропорту Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамдарынын санын көбөйтөт

“Манас” эл аралык аэропорту” ААКсы Стамбул-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча 2021-жылдын 20-январынан баштап жумасына 7 жолуга чейин авиакаттамдардын санын көбөйтүүдө, – деп билдирет компаниянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учууларды Turkish Airline авиакомпаниясы ишке ашырат. Буга чейин аталган авиакомпания ушул каттамда жумасына 5 жолу каттамдарды жүргүзүп келген.