“Манас” аэропортунун жетекчиси Бактыбек Сыдыков: 40-50 адам аэропорттун жана менин тагдырымды чече албайт | Эркиндик Медиа

“Манас” аэропортунун жетекчиси Бактыбек Сыдыков: 40-50 адам аэропорттун жана менин тагдырымды чече албайт

“Манас эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалган Бактыбек Сыдыков анын кызматтан кетишин талап кылган нааразычылык акциялары боюнча комментарий берди.

“40-50 адам аэропорттун жана менин тагдырымды чече албайт” деди ал журналисттерге.

Анын айтымында, бир күн мурун ал команда менен тааныштырылып, жолугушуу жакшы өткөн, эч кандай терс көрүнүш болгон эмес.

«Менин маалыматым боюнча, кечээ эмгек акысы төлөнбөстөн эмгек өргүүсүнө жиберилгендер менин дайындалышыма нааразы болушкан. Мен баарын түшүнөм. Алар 2010-жылдан кийин келип, айрым кландардын кызыкчылыгын коргошууда. Акыркы 10 жылдын ичинде аэропортто беш-алты президент отурган, бүгүнкү күндө кандайдыр бир кландашуу бар. Тигил же бул президенттин, премьер-министрдин атын аташууда. Аэропорт бул-саясий түзүм же бирөөнүн жеке кеңсеси эмес. Бул мамлекеттик ишкана, жана команда саясаттан алыс болуп, өз ишин аткарышы керек», – деди Бактыбек Сыдыков.

Ошондой эле аны кетүү талабы оңтойсуздандырбаганын кошумчалады.

«Бүгүн 40ка жакын адам чогулду. Менин кызматкерлеримдин айтымында, ал жерде беш чакты гана адам бар – алар аэропорттун кызматкерлери”, – деп белгиледи ААК жетекчиси.

Бактыбек Сыдыков бүгүн президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен жолукканын айтты.

«ЖМКда жана социалдык тармактарда кызматка дайындалгандан кийин Бакиев менен байланышы бар делген мен жөнүндө терс маалыматтар тарады. Бирок менин аны менен эч кандай байланышым жок. Балким, ушундай билдирүүлөрдүн таасири менен Садыр Жапаров эртең арыз жазып, кетерсиз деди. Бирок мен жолугушууну өтүндүм, анда мен абалды, аэропорттун ичинде эч кандай толкундоо болбогондугун түшүндүрдүм. Баары кадимкидей жүрүп жатат», – деди ал.

Бактыбек Сыдыков премьер-министрге аэропортто коррупциялык схемалар болбойт деп убада бергендигин кошумчалады.

«Жумушта калуу үчүн анын макулдугун алдым. Он күндүн ичинде ал бардык коррупциялык схемаларды жоюу, ошондой эле учурдагы көйгөйлөрдү: структуралык, адамдардын нааразычылыгын жана башка маселелерди чечүү боюнча бүтүндөй иш-аракеттер планын тапшыруу керек”.

Эске сала кетсек, “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын мурдагы президенти Мурат Примбердиев өз арызы менен кызматтан кеткен. Анын ордуна Бактыбек Сыдыков дайындалган.

Бактыбек Сыдыков – “Республика-Ата Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. Буга чейин ал “Манас” аэропортун башкарып келген. 2007-2010-жылдары” “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы болгон.

Ал президенттик аппараттын мурдагы башчысы, өлкө башчысынын мамлекеттик кеңешчиси Үсөн Сыдыковдун уулу.