Манасчы Дөөлөт Сыдыков Ош шаарында үч күн катары менен “Манас” айтууну пландап жатат | Эркиндик Медиа

Манасчы Дөөлөт Сыдыков Ош шаарында үч күн катары менен “Манас” айтууну пландап жатат

Бүгүн, 22-январь күнү Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов манасчы Дөөлөтбек Сыдыков, журналист Элнура Кулиева жана уюштуруу тобунун мүчөлөрү менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында вице-мэр коомчулук арасында көөнөрбөс Манас дүйнөсү тууралуу жайылтып жаткан жакшы саамалык үчүн ыраазычылык билдирип, колдоого алаарлык демилелер үчүн Ош шаарынын мэриясы ар дайым даяр экендигин кошумчалады.
Ага улай уюштуруучулар Ноорузга карата Ош шаарында 3 күндүк манас айтууну жана “Сүмөлөк” фестивалын өткөрүү боюнча пландар менен ой бөлүшүштү.