Марлен Маматалиев: “ЖЭБди 3 айга болсо да газга өткөрөлү, чыгымын элге жүктөп койбойлу” | Эркиндик Медиа

Марлен Маматалиев: “ЖЭБди 3 айга болсо да газга өткөрөлү, чыгымын элге жүктөп койбойлу”

Кара түтүндүн капташына Бишкек ЖЭБинин түздөн түз тиешеси бар. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү керек.

“Бишкекти каптаган кара түтүн бир аз азайып калганын байкадык. Өкмөт күнөөнүн бардыгын унааларга илип коюп жатасыңар. Күн жылып ЖЭБдин жумушу азайды. Бул кара түтүндүн капташына Бишкек ЖЭБинин түздөн түз тиешеси бар. Жылуулук сезонунда ЖЭБди газга өткөрүү боюнча өкмөт программа даярдап жаткан. 3 айга болсо да газга өткөрөлү, чыгымын элге жүктөп койбойлу”, – деди Маматалиев.