Маршруттук таксилердин айдоочулары эртең менен караңгы болгондуктан жумушка чыгуудан коркушкан | Эркиндик Медиа

Маршруттук таксилердин айдоочулары эртең менен караңгы болгондуктан жумушка чыгуудан коркушкан

Бүгүн, 19-январда эртең менен шаардыктар маршруттук таксилер менен жумушка бара албай калышты, анткени алар каттамга чыгышкан жок.
Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Улан Бейшенбаевдин айтымында, саат 06: 30да Бишкектин бардык аялдамаларында 400гө жакын автобус болгон. Бирок саат 09: 00гө чейин алардын саны эки эсеге көбөйгөн – 800-900 автобус жумушка келген. Азыр айдоочулар рейске кетип жатышат.

Ал түшүндүргөндөй, Бишкектеги маршруттук таксилердин кызматкерлери таң эрте караңгы болгондуктан жумушка чыккандан коркушкан. Алар иш таштоого чакырып, ал тургай шаарды айланып чыккандарды коркутуп жаткан өз кесиптештеринен коркушкан.

Белгилей кетсек, айдоочулар болуп жаткан окуялар үчүн мэриядан жоопкерчиликти алууну өтүнүшүүдө. Башка кичи автобустардын кысымы жана транспорттор бузула башталса, кайрыла турган адам болушу зарыл.

Бейшенбаев маселе алардын көзөмөлүндө деп ишендирди. Анын айтымында, учурда Милициянын кайгуул кызматкерлери жана Ички иштер башкы башкармалыгынын 500гө жакын кызматкерлери кырдаалды көлзөмөлдөп жатышат.