Масалиев: Мыйзамсыз мөөнөтүңөрду узарттыңар десе – ме сага, кеткиле десе – ме сага! | Эркиндик Медиа

Масалиев: Мыйзамсыз мөөнөтүңөрду узарттыңар десе – ме сага, кеткиле десе – ме сага!

Депутат Исхак Масалиев социалдык тармактагы баракчасына талкууга алынган Камчыбек Жолдошбаевдин кылыгы тууралуу жазды.

Ал депутаттын бул мамилеси Жогорку Кеңештин элге кылган мамилеси экенин белгиледи.

«Уялчак депутат – Камчибек Жолдошбаев эки күдөн бери интернет сахнада жүрөт. Үч бармактуу комбинацияны көрсөтүп, ме сага деп!!!
Бир ой – ушул мамиле, жалпы Жогорку Кенештин депутаттарынын көрсөткүчү. Мыйзамсыз мөөнөтүңөрду узарттыңар десе – ме сага, мыйзамдарды одоно түрдө буздуңар десек – ме сага, кеткиле десе – ме сага… Жөнөкөй жарандардын жана бийликте отурган кишилер менен ортосундагы ажырыгы өсүп баратат.
 Түшүнбөсөң – камап таштайбыз», – деп жазган депутат.