Мелис Аспеков Финполициянын төрагасы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берди | Эркиндик Медиа

Мелис Аспеков Финполициянын төрагасы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берди

Маалыматка ылайык, Жапыкеев ушул жуманын ичинде камака алынышы мүмкүн.

Мелис Аспеков “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигинен талап кылынган $250 миңдин 50 миң долларын Жапыкеевге бергем” деп көрсөтмө берген.

Белгилей кетсек, 8-январда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылууга шектелип активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев кармалган. Алар “Кыргыз темир жолу” ишканасын ЖАМК текшерет, ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштурулат деп коркутуп, акча талап кылышкан.
10-январда Биринчи май райондук соту активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 9-мартка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камакка алуу тууралуу чечим кабыл алган.