Мелис Аспеков көрсөтмө берүүдөн баш тартууда
Активист Мелис Аспеков көрсөтмө берүүдөн баш тартууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда анын адвокаты Назира Абышкаева маалымат жыйынында билдирди.
Ал активисттин күнөөсүн далилдеген далилдер жана фактылар жок экенин билдирди. Ал кардары камалгандан бери бир эле жолу сурак берип, башка көрсөтмө бербегенин белгиледи.
Назира Абышкаева тергөө органдарында Аспековдун “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрү жөнүндө жазуулар жок деп ырастоодо.