Мэрия: Бишкектеги эки мектепте коронавируска чалдыккан балдар аныкталды | Эркиндик Медиа

Мэрия: Бишкектеги эки мектепте коронавируска чалдыккан балдар аныкталды

Бишкектеги эки мектепте коронавируска чалдыккан балдар аныкталды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргенин 24.kg жазып чыкты.

Анын айтымында, милдеттүү скринингдик иш-чаралардын жүрүшүндө ооруга чалдыккан балдар аныкталды. Көрсө, бул эки үй-бүлөдө коронавирус инфекциясына кабылгандар болгон.

«Бардык зарыл болгон коопсуздук чаралары көрүлдү, бул билим берүү мекемелериндеги абал көзөмөлгө алынды. Ал балдар окуган класстар онлайн окууга жөнөтүлүп, эки жума дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Аларга сабак берген мугалимдер ПЦР-тесттерин тапшырууга багыт алышты», – деп белгилешти мэриядан.

Бишкек шаардык мэриясы тургундарга төмөнкүдөй өтүнүч менен кайрылды:

“Эгерде сиздин үй-бүлөңүздө коронавирустук инфекция учурлары болгон же байкалып жатса, анда керектүү анализдеринен өтүп, балаңыз вирус алып жүрүүчү эместигин текшериңиз.

Бул тууралуу сөзсүз түрдө мектеп администрациясына, класс жетекчисине билдирип коюңуз. Бардык текшерүүлөр жана тесттер өткөрүлгөндөн кийин гана, балаңызды мектепке жөнөтүңүз”.

Эске сала кетсек, борбор калаадагы 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары 18-январда оффлайн режиминде билим берүүгө өтүшкөн.