Миллиардер Алижан Ибрагимовдун сөөгүн Токмокко алып бара жаткан кортеж | Эркиндик Медиа

Миллиардер Алижан Ибрагимовдун сөөгүн Токмокко алып бара жаткан кортеж

Бүгүн, 4-февралда Токмок шаарында ишкер Алижан Ибрагимовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.

Таңкы саат 04:00 чамасында анын сөөгү Токмок шаарына алынып келди. Шаар тургундары Ибрагимовдун үй-бүлөсү жашаган үйдү көздөй бара жаткан унаалардын кортежин видеого тартышкан.

Миллиардер Алижан Ибрагимов Бельгияда каза болду. Ал Кыргызстанда «Граф» каймана аты менен таанымал. Алдын ала маалыматка караганда, Ибрагимов коронавирустан улам каза тапты.

Ибрагимов 1953-жылы 5-июнда Өзбекстандын Фергана облусунда төрөлүп, кийин Токмок шаарында жашаган.