Мирбек Атабеков: Шаолинь брат эмнеси менен жакпады?
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков өзүнүн инстаграм баракчасы аркылуу азыркы бийликти сындады. Ал – “Шаолинь брат эмнеси менен жакпады?”-деп билдирүү калтырып, Тилек Токтогазиевди белгилеп, — “Андай бовойт да” деген постун жарыялады. Бул ырчынын оюна түрдүү пикирлер жаралып, түндүк-түштүк маселесин көтөрүп, «Оштуктарды кемсинтип жатасың!», «Белгилүү аты чыккан адам ушундай жазса жарашпайт экен», «Эсиңе кел эртерээк» -деген билдирүү калтырышууда. Эске салсак, октябрь айындагы ызы-чуу митингде “Жээнбеков досун саткан,элин да сатат”-деген сөзү үчүн кечирим сураган эле. Ырчы учурда Америкада үй-бүлөсү менен көчүп кеткен.

