Митинг учурунда 768 адам жаракат алды | Эркиндик Медиа

Митинг учурунда 768 адам жаракат алды

Митингде жабыркап, саламаттыкты сактоо мекемелерине кайрылгандардын саны 768 бейтапты түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ооруканаларга жалпы 768 адам кайрылган. Анын ичинен стационардык дарыланууга 218 бейтап жаткырылды, жандандыруу бөлүмүндө 7 бейтап жатат. 550 бейтап амбулатордук дарыланууга жиберилсе, тилекке каршы, бир бейтап каза болду.
Азыркы учурда тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, адистердин кеңештери уюштурулуп, керектүү дары-дармектер менен камсыздандырылды.