Митингде жаракат алган киши көз жумду | Эркиндик Медиа

Митингде жаракат алган киши көз жумду

Бишкек шаарындагы баш аламандыкта жаракат алган жабырлануучу (эркек киши) көз жумду. Бул маалыматты бүгүн, 6-октябрда Эркиндик Медиага Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маркум Улуттук госпиталга жеткирилген. Болжол менен 30-35 жаштардагы жаран башынан катуу жаракат алган. Бүгүн таңкы саат 5:00дө жаракат алган киши каза болуп калган. Азырынча анын аты-жөнү тактала элек.