Митингде жаракат алып, каза тапкан жигиттин эжеси: Инимдин өлүмү үчүн ким жооп берет?! | Эркиндик Медиа

Митингде жаракат алып, каза тапкан жигиттин эжеси: Инимдин өлүмү үчүн ким жооп берет?!

5-октябрда митинг учурунда жаракат алып, каза тапкан жигиттин эжеси коомчулукка кайрылды. Анын сөзү төмөндө берилди:

“Алтынбек уулу Үмүтбек. Менин иним, 19 жашта, Баткен районунун Кара-Булак айылынан болот. Граната бутуна тийип, алган жаракатынан улам каза болду.

Эми ким жооп берет?

Алар азыр эмне кылып жатышат? Алар бийликти бөлүшүүдө жана ал жөнүндө, жашоодо майып болуп кала турган балдар жөнүндө эч ким ойлогон жок”, – деди маркумдун эжеси.

Аталган жигит тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маркум башынан катуу жаракат алгандыгын, анын натыйжасында таңга жуук көз жумганын маалымдаган.

Маркум Лейлек районунун Кара-Булак айылында  2001-жылы 15-июнда туулган. Бир үй-бүлөнүн жалгыз баласы болгон. Алтынбек уулу Үмүтбектин  сөөгү кичи мекени Лейелек районуна жөнөтүлдү.

Бүгүн, 7-октябрга карата жаракат алган митингчилердин саны 700дөн ашты.