Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев добуш бере албайт | Эркиндик Медиа

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев добуш бере албайт

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев бүгүнкү 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо добушун бере албайт. Бул тууралуу Эркиндик медиага жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

“Мыйзамга ылайык, соттолгон жарандар шайлоого катыша албайт. Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча соттун чечими чыккан. Эгер тергөө иши жүрүп жатса, добушун бере алмак, бирок өкүм чыгарылгандан кийин Алмазбек Атамбаев добуш берүү укугунан ажырады” , – дейт Жоошев.

Эске салсак, 2020-жылдын 23-июнунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттун өкүмү чыгып, анда сот Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыраткан.