Нарын облусунун аймагында “Салам, мектеп” аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү | Эркиндик Медиа

Нарын облусунун аймагында “Салам, мектеп” аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү

Нарын облусунун аймагында “Салам, мектеп” аталыштагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Нарын ОИИБнин атайын тескемесине ылайык облус аймагында “Салам, мектеп” аталыштагы иш-чара жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте өткөрүлүп, иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучуларынын окууга тартылышы, алдын алуу каттоодо турган өспүрүмдөргө профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, тышкы жана ички мигранттардын балдарын аныктоо боюнча бир катар иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле облус аймагында жайгашкан орто мектептерде жаш өспүрүмдөр арасында “Зордук-зомбулук”, ” Өзүн өзү өлтүрүү”, “Эрте никеге туруу”, ” Жолдо жүрүү эрежеси” тууралуу семинарлар уюштурулуп, мектеп администрациясы жана ата-энелердин катышуусунда өткөрүлдү.

Мындан тышкары соода-сатык түйүндөрүнө жаш өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин, энергетикалык суусундуктарды, тамеки, насвай сатууга тыюу салынат деген эскертүүлөр илинип, дүкөн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында облус боюнча окууга тартылбай калган 6 жаш өспүрүм, кечкисин көчөдө максатсыз жүргөн 37 жаш өспүрүм жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 2 өспүрүм аныкталып, тиешелүү мекемелерге сунуш каттар жиберилди.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы