Нарында үч жаштагы бала пневмониядан улам чарчап калды | Эркиндик Медиа

Нарында үч жаштагы бала пневмониядан улам чарчап калды

Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айылынын 3 жаштагы тургуну пневмониядан көз жумду.

Аймактык оорукананын башкы дарыгери Таалай Үркүнчиевдин айтымында, бала бейтапканага 19-январда саат 12:30да түшүп, саат 23:00 чамасында көз жумган. Бул окуя райондук штабда көтөрүлүп, коомчулукка дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмалары берилди.

Бүгүнкү күндө райондук ооруканада 2 бейтап пневмониядан дарыланууда.