Назира Айтбекова: “Айткандын оозу жаман болуп, чындыкты чыркыратсаң, жаман көрөсүңөр” | Эркиндик Медиа

Назира Айтбекова: “Айткандын оозу жаман болуп, чындыкты чыркыратсаң, жаман көрөсүңөр”

Белгилүү алып баруучу, актриса Назира Айтбекова социалдык тармакта чуу жараткан видеотасма тууралуу үн катты:

Капырай , заманың эмне болуп баратат? Мурун кыздарыбызды коруп, коркчу элек. Азыр уулдарыбыз үчүн кооптонуп турган заман! Видеону көргөнгө дитим барган жок. “Зөөкүр коом кайдан келди? Андай балдардын өсүп чоңоюшуна эмне себеп болду? Зордукчул жигит 20 га чыкса 20 жыл мурун өлкө кандай абалда эле?” ушулардан жыйынтык чыгарып, учурда балдарыбызды сүйүү менен сугарып, кийинки 20 жылда жалаң мээримдүү, боорукер, жакшылык жасай турчу балдарды чыгарганга аракет кылышыбыз керек.

Банядагы 20 жаштагы бала кенедей эркек баланы зордуктап аткан видео коомго тарады! “Саясатчыларга кул болуп, фанат болбой, улутубузга фанат бололу!” десем айрымдарыңар “Эл душманы” атадыңар! “Биз күйгөн саясатчыга сен эмне күйбөй атасың?” дедиңер! Биз алардын камчысын чапкыча коомубуз бузулуп, жашообуз артта калып баратат! Алар кресло талашкыча уурулар байып, педофилдер балдарды зордуктап, кыз – келиндер токмок жеп, четинен өлүп атышат! Алар акча таап, чөнтөгүнө шыкап бүткүчө өлкө өлүп баратат! Айткандын оозу жаман болуп, чындыкты чыркыратсаң, жаман көрөсүңөр! Эртең ар бириңдин башыңа оор иш түшмөйүн, акыйкатты издеп, алданып, алапайыбызды таппай калганда гана ойгонот окшобойбузбу?! Мыйзам эмнеге керек дейсиңер! Уулдарыбыз, кыздарыбыз кор болбош үчүн керек!”